USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Айпери Обозова Парижди багындырууда: Кыргыз модасы дүйнөлүк аренада

15:41, 12 октября 2026, Бишкек - 24.kg

5-октябрдын 7-октябрына чейин ПарижшаарындаПариж мода жумалыгынын алкагында белгилүү кыргызстандык дизайнер Айпери Обозова заманбап эстетика менен Кыргызстандын бай улуттук мурасын айкалыштырган жаңы коллекциясын тартуулады. Көрсөтүү көрүүчүлөрдүн кызуу колдоосуна ээ болуп, ал эми коллекция презентациядан кийин дароо толугу менен сатылып кетти.

Айпери Обозова — эмгеги өлкө чегинен тышкары да кеңири таанылган Кыргызстандын эң белгилүү жана суроо-талапка ээ дизайнерлеринин бири. Кесиптик ишмердүүлүк жылдарында ал 15тен ашык өлкөдө өз коллекцияларын тартуулап, эл аралык коомчулукту заманбап мода искусствосу аркылуу Кыргызстандын өзүшүнчө кайталангыс маданияты менен тааныштырып келет.

Дүйнөлүк fashion-индустриянын эң маанилүү окуяларынын бири болгон Париж мода жумалыгына катышуу дизайнердин чыгармачылык жолундагы кезектеги маанилүү этап жана Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүгүн эл аралык аянтчада тартуулоо мүмкүнчүлүгү болду.

Айпери Обозованын жаңы коллекциясы дүйнөлүк актуалдуу тенденциялардын, таасын элестерин жана дароо таанылуучу кыргыз колоритинин гармониялуу айкалышын көрсөттү. Улуттук мотивдер заманбап формага ээ болуп, элдин мүнөзү, маданий мурастын байлыгы жана дизайнердин мода келечегине болгон тайманбас көз карашы чагылдырылган жаркын көркөм образдарга айланды.

Ар бир образ салт менен заманбаптуулуктун, тарых менен жаңылыктын ортосундагы өзгөчө диалогго айланды. Коллекция өзүнүн таасындыгы, оригиналдуулугу жана жеке стили менен айырмаланып, дизайнердин автордук кол жазмасын баса белгиледи.

Көрсөтүүдөн кийин дароо толугу менен сатылып кетиши коллекциянын коммерциялык ийгилигинин өзгөчө далили болду. Сунушталган моделдерге болгон жогорку кызыгуу Айпери Обозованын эмгектерине болгон суроо-талапты жана улуттук өзгөчөлүк заманбап эстетика менен айкалышкан дизайнердик мамиленин жагымдуулугун айгинеледи.

Көрсөтүү коомчулуктун суктануусун жаратып, кыргыз fashion-индустриясынын чыгармачыл потенциалына көңүл бурууга дагы бир себеп болду. Өз коллекциялары аркылуу Айпери Обозова жөн гана кийим жаратпастан, дүйнөгө Кыргызстан, анын маданияты, каада-салты жана уникалдуу көркөм мурасы жөнүндө айтып берүүдө.

Дизайнер өз эмгектерин 15тен ашык өлкөдө тартуулоо менен, кыргыз модасын эл аралык аренада ырааттуу түрдө илгерилетип, маданий алмашуу жана кесиптик кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда.

Париждеги ийгилик — бул дизайнердин жеке жетишкендиги гана эмес, Кыргызстандын улуттук модасын илгерилетүүдөгү маанилүү кадам. Бул өлкөнүн маданий мурасы заманбап дизайнга дем берип, эл аралык аудиториянын жүрөгүнөн түнөк таап, глобалдык мода мейкиндигинин бир бөлүгүнө айлана аларын далилдейт.

Айпери Обозова кыргыз модасынын өз үнү, жаркын индивидуалдуулугу жана андан ары эл аралык деңгээлде өнүгүү потенциалы бар экенин далилдөөнү улантууда.

Кыргызстан өз тамырын сактап, ошол эле учурда калк тааныган, баалаган жана тандаган стилди жаратуу менен дүйнөлүк мода аренасында өзүн ишенимдүү түрдө көрсөтүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18