USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

«7 жаш автор» адабий конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

08:30, 04 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду уюштурган «7 жаш автор» адабий конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу интеллектуалдык фонддон билдирди.

Калыстар тобунун баалоосунун жана ой-пикир, сунуштарынын жыйынтыгында төмөндөгү авторлор жеңүүчү деп табылды.

  • Нуриза Өмүрбаева «Белек»;
  • Жанаргүл Билибаева «Ак-Буурага аккан гүл»;
  • Эмилбек кызы Айбарчын «Шириндин жомоктору»;
  • Ырысгүл Оморкулова «Алай таңы»;
  • Исламбек Сакыев «Деңиз»;
  • Жолболду Саттаров «Кел-кел»;
  • Арууке Молдалиева «Күзгө байланган тагдыр».

Ошондой эле Калыстар тобу аты-жөнү жашырылып, купуя номер менен келген чыгармачылык жыйнактарды кароодо айрым калемгерлердин чыгармачылыкка болгон ак дил мамилеси, чынчыл көз карашы, көркөм дүйнө жаратууга далалаттары бар экендигин, ыр саптарында көркөмдүктүн символдор, шарттуулук аркылуу берилиши, уйкаштыктын жатык колдонулушу колдоого аларлык деп баса белгилешти.

Мындан сырткары Калыстар тобу авторлордун чыгармачылыктын түйшүктүү чыйырында такшалуу үчүн дагы да көп эмгектенүүсү, изденүүсү керектиги, сюжетти курууда, ыр түзүүдө, ойду берүүдө жана грамматикалык каталардын үстүнөн көбүрөөк иштөө менен жана башка кетирген алешемдиктерди жоюу сунуштарын айтып өтүштү.

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду «7 жаш автор» адабий конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөрдү 2026-жылдын 18-майынан 25-сентябрына чейин кабыл аларын жарыялаган.

Эске сала кетсек, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду «7 жаш автор»адабий конкурсун 2009-жылдан бери ишке ашырып келет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18