20:44
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ферганада колледж кызматкерлери студент кыздарды зордуктоого шектелүүдө

Өзбекстандын Фергана облусунда Кокон шаардык жеңил өнөр жай колледжинин бир нече студентинин зордукталышы боюнча тергөө иштери башталды.

Окуу жайдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында,  анда окуган кыздар арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлүп, андан соң колледждин бир нече кызматкери менен окутуучусу суракка чакырылган.

«Жашыруун сурамжылоо 16 жаштагы студенттин кош бойлуу экендиги тууралуу маалыматтан кийин жүргүзүлгөн. Анда бир нече студент окуу жайда кыздар зордукталган башка учурлар жөнүндө дагы айтып беришкен», — деди ал.

15-20-октябрь күндөрү Кокон шаардык прокуратурасы окуу жайда текшерүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында колледждин директору кызмат абалын кыянат пайдалануу айыбы менен кармалган.

Мындан тышкары анын айдоочусу, ошондой эле кароолчу, жаштар лидери жана психолог сексуалдык зомбулукка шектелип кармалып, кийин күрөө менен бошотулган.

Зордуктоого айыпталып жаткан кызматкерлердин биринин айтымында, кармалгандан кийин алар кыйноого алынышкан. «Кокон милициясы шектүүлөрдү үч күн бою кыйнады. Жыйынтыгында директордун айдоочусу менен кароолчуну тез жардам кызматы алып кетти. Жаштар лидерин кемсинтип, зордуктоо айыбын мойнуна алууга мажбурлашты», — деди студент.

Эң көп окулган жаңылыктар