19:40
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мамлекеттик мүлк башкармалыгы улутташтырылган объектилер тууралуу жашырууда

Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонд депутаттардан улутташтырылган объектилер боюнча маалыматты жашырып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Улугбек Ормонов айтып чыкты.

Эл өкүлү аталган фондго кат түрүндө билдирүү жөнөткөн, бирок ал түшүнүксүз жооп алган.

«Мамлекеттик мүлк башкармалыгын биз кимге бергенбиз? Алар кантип башкарып жатышат? Биз муну териштиришибиз керек. Айрыкча, Ысык-Көлдөгү пансионаттар кимге тиешелүү экени кызыктырат. Айрым пансионаттар иштебей турат, буга чейин алар киреше алып келип турушчу», -деди Улугбек Ормонов.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума