20:03
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фондду «Самрук Казынага» окшош түзүшөт

Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонддун жетекчиси Ренат Түлөбердиевдин айтымында, фондду казакстандык «Самрук Казынага» окшоштуруп түзүшөт. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда маалым болду.

«Биз Казакстандын тажрыйбасын изилдеп көрүүну сунуштайбыз. Эн башкысы жогорку даражадагы жетекчиликтин сакталышы. Бул компаниянын эффективдүү иштешине жардам берет. Бул жылы «Улуттук башкаруу компаниясы» ААКсын түзүүнү ниет кылып жатабыз. Учурда фонддун активдери 151 миллиард сом, 2012-жылы холдинг түзөбүз», -деди Ренат Түлөбердиев.

Ал билдиргендей, болочокто Мамлекеттик мүлк башкармалыгы боюнча фонд бюджеттик каражаттан баш тартууну көздөөдө. «Жыл сайын биздин программа үчүн акчаны бюджеттен алабыз. Мындан кийин каражатты албаш үчүн өзүбүздүн инвестицияны кошобуз. Авиация, тамеки тармагы азыр артта калып жатат. Эгер биз жүгүртүүгө каражатты тапсак, бул тармактарды көтөрсө болот», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар