07:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду 98 ишкана менен иш жүргүзөт

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду иштеп жаткан 98 мамлекеттик ишкана менен иш жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Мамлекеттик ишканалардын башкаруучу кадрларынын резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул документтер мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке салууга жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун ролун күчөтүүгө багытталган.

Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо мамлекеттик ишканаларды түзүү, кайрадан уюштуруу, жоюу, башкаруу органдарынын компетенциясын жана ыйгарым укуктарын конкреттештирүү, мамлекеттик органдардын мүлктүк абалын деталдаштырууну жөнгө салууга багытталган.

Кабыл алынган мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун алкагында мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиялык планы иштелип чыккан жана бекитилген. Анын негизинде ар бир жылдын бюджети иштелип чыккан. Мындан тышкары мамлекеттик ишканаларда финансылык дисциплинаны күчөткөн, мамлекеттик мүлктү үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган, жетекчинин мамлекеттик ишкананын түзүүчүсүнүн алдында көзөмөлдө болуусун жана отчет берүүсүн белгилеген бир катар ченемдер киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар