22:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Улукбек Кочкоров өкмөттүн курамына кошулат. Ага министрлик сунушталды

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине сунушталды Маалыматты 24.kg агенттигине өкмөттөн ырасташты.

Улукбек Кочкоровду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүүдө. Депутат Жанар Акаев өкмөт башчысынынын сунушун колдоого аларын facebook баракчасында билдирди.

Белгилей кетсек, Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орду парламенттин «Кыргызстан» фракциясына тиешелүү. Фракция бул орунга Бактыбек Кудайбердиев, Кыялбек Мукашев жана Кудайберген Базарбаевди көрсөткөн.

Мурдакы министр Таалайкүл Исакунова чет өлкөгө иш сапарларга байланыштуу ызы-чуудан кийин кызматтан бошотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар