15:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Социалдык өнүгүү министрлигинин саякатчы айымдары. Башкы прокуратура текшерди

Лунара Мамытова — АКШ, Германия, Италия, министрдин дагы бир орун басары Жылдыз Полотова Литва, Венгрия жана Таиландда болгон.

Зууракан Каденова болсо, Кореяга он жолу, Россияга үч, Казакстанга эки, андан тышкары, Польша, Германия, Бельгия жана Италияга барган.

Башкы прокуратуранын маалыматында, аткаминерлер өздөрүнүн чет өлкөгө сапары боюнча Тышкы иштер министрлигине билдирүү жана жыйынтыгы боюнча отчет жөнөтүшкөн эмес.

Таалайкүл Исакунова менен Лунара Мамытова чет өлкөгө сапары бүткөндөн кийин дипломаттык паспортун тийиштүү бөлүмгө кайтарышкан эмес.

Министрликтин кызматтык паспортту берүү бөлүмүнүн жетекчисине мындай калпыстыктарына карата Башкы прокуратура 12-сентябрда иш козгоп, Бишкек шаарын Биринчи май райондук соту аткаминерге айып пул салды.

Министр депутатты уят сөздөр менен тилдеп, орун басары жемелеп...

Министрликтеги чет өлкөгө иш сапарлар боюнча мыйзам бузууларды көтөрүп чыккан депутат Аида Касымалиева Таалайкүл Исакунова ага сөгүп-сагып, ал эми Лунара Мамытова «көралбайсың» деп билдирүүлөрдү жазганын ачыктады.

«Министрликтеги мыйзам бузууларды министрдин орун басары Лунара Мамытова аялдардын көралбастыкка айланткысы келип жатат. Ал бул маселени классташтардын тиреши нугунда көрсөтүүдө. Лунара Мамытова менен 2-3 жыл чогуу окуганымды унутуп да калыпмын. Анын эмнесин мен көрө албайм? Мектептин президентти, олимпиадалардын жеңүүчүсү жана «алтын медалдын» ээси мен болсом. Ал менин ата-энемдин жашоо деңгээли тууралуу да түз эфирде калп жана туура келбеген сөздөрдү айтты. Менин үй-бүлөм Ошто урмат-сыйлуу үй-бүлөлөрдөн», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Лунара Мамытованын көралбастыктан арылып, түшүнүгүн өзгөртүү үчүн дүйнө кыдырууга чакырган instagram баракчасындагы посту коомдо кызуу талкуу жаратты. Министрдин орун басары Кыргызстанда жада калса пенсионерлер дагы пенсиясын топтоп (кийинчерек ал постун иштеп жүргөн пенсионерлер, андан кийин жеке өзүнүн апасын мисал келтирип өзгөрткөн) чет өлкөнү кыдырып жүргөнүн айтып, көпчүлүктүн сынына кабылды.

Депутаттын маалыматында, Лунара Мамытова 2018-жылдын 30-апрелинен 11-майына чейин АКШда социалдык коргоо боюнча акы төлөп окуган. Анын окуусу үчүн республикалык бюджеттен 437 миң сом төлөнгөн.

Министр үй-бүлөсүн «люкс» бөлмөгө жайгаштырган

Депутат Аида Касымалиева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу министрликтин жетекчилигинин чет өлкөгө сапарлары боюнча маалыматтарды жарыялоону улантууда. Эл өкүлүнүн тийиштүү органдардан алган иш кагаздары боюнча Таалайкүл Исакунованын үй-бүлө мүчөлөрү анын менен чогуу сапарга чыккандыгы ырасталат.

«Чек ара кызматынын маалыматы карасак, министр четке чыккан күндөрү анын уулу жана күйөөсү дагы Кыргызстандан чыгып кетишкен. Мына Молдоев Эдилбек, Молдоев Тилек. Эч ким үй-бүлөсү бюджеттин эсебинен учуп барып келди деп айтпайт. Бирок, конференцияга катышпай, кызматтык абалын колдонуу менен ваза алуу дагы мыйзам бузуу болуп саналат», — дейт Аида Касымалиева.

Депутаттын маалыматында, министр барган жеринен «люкс» бөлмөнү талап кылып, ага үй-бүлөсүн жайгаштырган.

Айтмакчы, Таалайкүл Исакунова Женевага республикалык бюджеттин эсебинен барып, ага салык төлөөчүлөр 173 мин 197 сом коротушкан. Бирок, министр айым Эмгек конференциясынын 106-жыйынына катышкан эмес.