19:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

№ 66 мектептин окуучулары арасында пикир келишпестик болгон

Социалдык түйүндөрдө бир окуучу 3 окуучуга карата күч колдонуп жаткандыгы тууралуу видео жарыяланды. Автордун айтымында, окуя борбор калаадагы № 66 мектепте болгон.

Бишкек мэриясы аталган окуяга түшүндүрмө берди. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, рэкетчилик фактысы катталган жок. 8-класстын окуучусу өзүнөн бир класс төмөн окуган бала менен ич ара мамилелерин чечип жатышкан.

«Балдар жана алардын ата-энелери РИИБга чакырылды. Балдар жаракат алышкан эмес, өспүрүмдөр арасында пикир келишпестиктер гана болгон. Эки тарап жарашып, мектеп жетекчилигине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар