05:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Чет өлкөдө 1 миң 800 кыргызстандык жаран түрмөлөрдө жаза өтөп жатышат

Чет өлкөдө 1 миң 800 кыргызстандык жаран түрмөлөрдө жаза өтөп жатышат. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент маселелери боюнча комитетинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Айтымында, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Кыргызстандык 4 жаран Өзбекстандын түрмөсүндө кармалууда. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда экстрадициялоо тууралуу келишим жок. Ал Токон Мамытов кандай жол менен коңшу өлкөдөн биздин жарандарды экстрадиция кыла тургандыгына түшүнгөн жок.

Токон Мамытов кошумчалагандай, биздин жарандарды чыгарып алуу үчүн 2 жол бар. Ал бул маселе боюнча өзүнүн кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниеттенүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума