19:32
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«Сары-Кыр» ашуусунан 8 чабан 2 200 баш кою менен аман-эсен куткарылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы «Сары-Кыр» ашуусунан 8 чабан 2 200 баш кою менен аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Көк-Ирим айыл аймагына караштуу «Алакан» жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен чабандар ашуудан аша албай калгандыктары айтылган.

«Чабандарды мал жандыктары менен ашуудан тушүрүүгө атайын куткаруучулар жана техника тартылган. Алар ашуудан өтүшүп, Сузак районунун Үрүм-Баш тилкесине аман эсен жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар