01:55
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекте турак үйлөрдүн жарымына жылуулук бериле баштады

Бишкекте турак үйлөрдүн жарымына жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1 миң 113 турак үйгө жылуулук берилди. Мындан тышкары 11 оорукана, 28 бала бакча, 21 мектеп жылуулук менен камсыздалды.

Эске сласак, 18-октябрдан тарта борбор калаада жылуулук сезону башталды.