14:57
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Казакстанда таракан сатылууда

Киреше табуунун түрлөрү көп. Казакстан ММКлары өлкөдө көптөгөн кишилер таракан багып, сатып жатканын кабарлашууда.

Бекер жарнама жайгаштыруучу Olx.kz сайтында таракан сатуу боюнча көптөгөн жарыялар бар. Алар көбүнчө жөргөмүш жана сүт эмүүчү жаныбарлар үчүн жем катары сунушталууда, ошол эле маалда экзотика сүйүүчүлөрү үчүн үй жандыгы катары сатыкка чыгаргандар да бар.

Таракандардын түрү арбын. Кардарларга көбүнчө мрамор жана мадагаскар таракандары сунушталат, жарыялардын арасында банан түстүү, түркмөн, америка, египет жана «жансыз баш» атын алып жүргөн куба таракандары да жок эмес.

Курт-кумурсканын мындай түрүнүн баасы 30дан 800 теңгеге (2 доллардан ашык) чейин жетет. Жем үчүн сунушталгандарды дүңүнөн 2-3 миң теңгеге сатышат.

Сатуучулар бул жандыктарды багууга көп күч жумшалбай турганын айтышууда. Башкысы аларды качып кетпегидей атайын идиште сактоо керек.

Эң көп окулган жаңылыктар