16:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Борбор калаанын жашоочулары ысык суунун жоктугуна нааразы

Окурмандар Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү үйлөрдө 15-октябрдан бери ысык суу жок экенин айтып, 24.kg агенттигине кайрылышты.

«Суук түштү, ысык сууну токтотуп коюшту. Биз өз убагында ремонт иштерине жана сууга акчаны төлөп турабыз. Бул жылы дагы былтыркы көрүнүш кайталанабы?», -дешет окурмандар.

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКнын билдиргенине караганда, ысык суу болгону жеке үйлөрдө жок. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдө берилип жатат. Ысык суунун токтотулганы жылуулук берүүгө даярдык көрүүгө байланышкан, 18-октябрдан тарта бериле баштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар