15:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкекте ысык суу 22-июнда берилет

Бишкекте ысык суу 22-июндан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Электрдик станциялар» ААКсы билдирди.

План боюнча борбор калаада 21-майдан 21-июнга чейин оңдоо иштери жүргүзүлмөк. Мындан улам ысык суу 22-июнда берилет. Бирок, суу түтүктөрүн оңдоо иштери аягына чыга элек. Системаны ысык суу менен толтуруу убакытты алат.

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКсы жергиликтүү тургундарга ысык суу бериле баштаган маалда суу ысыткыч каражаттарды өчүрүп коюуну эскертет.

Эң көп окулган жаңылыктар