18:17
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекке ысык суу 4-июнда берилет

Бишкекке ысык суу пландалгандан эки күн мурун, 4-июнда берилет. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармактары» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка мэр кол койгон..

«Шаарга ысык сууну толугу менен берүүгө үч күн убакыт талап кылынат. Алгач бала бакча, оорукана сыяктуу социалдык маанилүү объектилерге берилет. Ошондой эле ысык суу берилээрде суу агып кетпеш үчүн «Аристон» сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталат», -деп жазылат маалыматта.

Бишкекте ысык суу 6-майда өчүрүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар