05:48
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Ош шаарынын тургундары өз күчү менен эки көчөгө асфальт төшөдү

Ош шаарынын Амир-Темир аймактык кеңешинин тургундары өз акчасына эки көчөгө асфальт төшөдү. Бул тууралуу мэрия кабарлайт.

Буга чейин оңдоо зарылчылдыгы пайда болгон Адышев көчөсүнө 100 метр асфальт төшөлүп, 540 миң сом сарпталган. Каражат жашоочулар, жеке ишкерлер, шаардык кеңештин депутаты жана аймактык кеңеш тарабынан топтолгон.

Мындан тышкары Шолохов көчөсү 80 метр асфальтталды. Ага жашоочулар тарабынан 390 миң сом сарпталды.

Эң көп окулган жаңылыктар