Иракта өлүл жазасына соттолгон Асел Алимжан кызынын туугандары аны сактап калууну суранат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
Укук коргоочу учурда мамлекеттик органдардын бул маселе боюнча жообун күтүүдө.
Эскерте кетсек, Иракта балдары менен бирге абакта олтурган үч кыргызстандык аял боюнча буга чейин маалымдалган. Асел Асилжан кызы, Зухра Кадырова жана Фатима Маруфжанова үчөө Ислам мамлекеттик тобунун мүчөлөрү катары кармалган. Алардын Сириядагы согушка катышкан күйөөлөрү кагылышууда өлтүрүлгөндүгү маалымдалат.
«Аларды Кыргызстанга которуп, өлүмдөн алып калсак болот», — дейт Гүлшайыр Абдирасулова.