23:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Казакстанда Кылычбек Султан «2018-жылдын мыкты дипломаты» деп аталды

Борбордук Азия мусулмандар комитети Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанды «2018-жылдын мыкты дипломаты» деп атады. Бул тууралуу казак ЖМКлары маалымдашат.

Мусулмандар комитетинин билдирүүсүндө, Кылычбек Султан Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Зууракан Каденованын аэропортто көрсөткөн чырында эрктүүлүгүн көрсөтүп, Кыргызстандын жетекчилигинин басымына карабай, маалымат бере алды.

«Элчинин эрктүү кадамы дипломаттарды коркок эсептеген стереотиптерди бузат. Так ушундай элчилер өлкөнүн тышкы аброюуна салым кошо алат», — дейт бейөкмөт уюмдун башчысы Мурат Телибеков.

Эң көп окулган жаңылыктар