19:24
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кореядагы элчи Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сурады

Кылычбек Султан чет өлкөдөн башпаанек сурады. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Ал Коопсуздук кеңештин чечими менен толук макул эместигин, ага жалган жалаа жабылып жатканын айтты.

«Мен азыркы бийликке жана президент Сооронбай Жээнбековго ишене албайм. Мен бул бийликти тануудан баш тартам. Кыргызстанга кайтып барбайм. Мен аларга моюн сунуп, жалган жалааларына макул болуп бере албайм. Андыктан саясый башпаанек сурадым. Бирок, күрөштү токтотпоймун. 5 жылдан кийин, бул бийлик кеткенден кийин келип, чындыгымды далилдейм», — деди ал.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кылычбек Султан Кыргызстандын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.

Жакында Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги жана дипломатиялык паспортторду колдонуудагы мыйзам бузуу тууралуу билдирүү тараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков андагы маалыматтарды текшерүүнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тапшырган.

Катчылык кечээ өз корутундусун жарыялады. Анда ТИМ системасында мыйзам бузулган учурлар болгону аныкталганы айтылат. Ошол эле учурда Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганы да аныкталган.

Бир аз мурдараак президенттин жарлыгы менен Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан алынды. Абдылдаев иштен өз каалоосу менен кеткенин жарыялады.

Эң көп окулган жаңылыктар