15:35
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Улан Эгизбаевдин жубайы уул төрөдү

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева уул төрөдү. Бул тууралуу анын кесиптештери маалымдашты.

ББС радиосунун журналисти Сапаргүл Абдинабиева бүгүн Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган. Баланын жана эненин абалы канааттандырарлык.

Эскерте кетсек, Улан Эгизбаев жайында Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен. Ага көзү өткөндөн кийин "Эрдик" ордени ыйгарылып, президент Сооронбай Жээнбеков журналисттин жемкорлук менен күрөшүүдөгү ордун белгиледи. 

Эң көп окулган жаңылыктар