13:09
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Журналист Улан Эгизбаев жөнүндө китеп жарык көрдү

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин элесине арналган китеп жарык көрдү. Кечээ анын «Азаттык» радиосундагы кесиптештери «Чындык деп жанган өмүр» аталышындагы китептин бет ачарын өткөрүштү.

Китепте Улан Эгизбаевдин иликтөөлөрү, макалалары, атайын репортаждары жана башка жеке жашоосуна байланыштуу маалыматтар камтылган.

Белгилей кетсек, Улан Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп сууга чөгүп кеткен. Анын өлүмү боюнча тергөө иши кечээ жыйынтыкталып, сотко өткөрүлдү.

Тергөө журналист сууга чөгүп кеткенин ырастап, кызмат көрсөтүүдө коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн «Акун» пансионатынын эки кызматкерине айып такты.

Эң көп окулган жаңылыктар