21:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков журналист Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты.

Ал журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын билдирет.

«Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу» — дейт өлкө башчысы.

Сооронбай Жээнбеков Уланбек Эгизбаев келечекте дагы далай жемкорлордун чыныгы жүзүн ашкерелеп, далай кыңыр иштердин бетин ачмак экендигин белгилейт.

«Тилекке каршы, журтубуз, кыргыз журналистикасы коомубуздагы терс көрүнүштөргө каршы тайманбай күрөшкөн таланттуу жаш калемгерден айрылды», — дейт Сооронбай Жээнбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар