Дипломаттык паспорт алуу жолу жеңилдетилет. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
Алардын маалыматында, 8-октябрдан 30-декабрга чейин дипломатиялык паспортту № 3 калкты тейлөө пунктунда жасата алышат. Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти аркылуу алынчу.
Мамлекеттик кызматкерлер кошумча маалыматты ММКнын сall-борборунан ала (119) алышат.