20:59
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстан ИИМинин эки аткаминери коррупция шеги менен кармалды

Казакстан ИИМинин Жаза аткаруу комитетинин атайын каттоо бөлүмүнүн башчысы «алдамчылык» шеги менен кармалды.

Коррупцияга каршы күрөшүү бюросунун маалымат катчысы Жанна Бастарова билдиргендей, ИИМ чиновниги, юстиция подполковниги Астанада антикоррупциялык кызматтын жашыруун тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен кармалган.

Тергөө маалыматы боюнча шектүү ортомчу аркылуу Актөбө облусунда түрмөдө отурган кишини Акмолодогу түрмөгө которуу үчүн пара талап кылган. Шектүү из жашырууга жана далилдердин бир бөлүгүн жок кылууга аракет жасаганы айтылууда. Сот чиновниктин баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарды.

Мындан тышкары Казакстан ИИМинин Транспорт ички иштер департамент башчысынын биринчи орун басары «системалуу пара алуу» шеги менен кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар