22:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Нурсултан Назарбаев: Кыргызстандын жолун жатканда алар эмне кылды? Күрөштү

Казак президенти Нурсултан Назарбаев кыргыз бийлигин үлгү катары көрсөттү. Бул тууралуу ал 5-октябрда калкка кайрылуу учурунда айтты.

Элбашы Казакстандын соода саясатын азуусуз катары баалап, аны активдештирүүгө чакырды.

«Соода саясаты биздин товарларды дүйнөлүк рынокко алып чыгууга катуу аракет жасашы керек. Ошол эле учурда биздин ишкерлерге көмөк көрсөтүп, жөнөкөй жарандардын экономикасын өнүктүрүү зарыл», -деди ал.

Нурсултан Назарбаев ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин соода саясатын мисалы келтирди.

«Айланада эмне боулп жатканын карасаңар? Белорусь өзүнүн өндүрүшчүлөрүн кандай колдоодо. Биз Кыргызстандын жолун жапканда эмне болду? Алар күрөштү. Биздикилер унчукпай олтура беришет. Алар жогорку жетекчилик гана талашып-тартышып, жол ачып берерине көнүп калышкан», — деди Казакстандын президенти.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын октябрь айында Казакстан Кыргызстан менен чек араны жапкан. Өкмөттөрдүн сүйлөшүүсүнөн кийин гана жол картасы иштелип чыгып, оор жүк ташуучу ууналарды жана кишилерди өткөрүүгө макулдук берген. Казакстан Орусия тарапта Кыргызстанга бет алган ууналардын да жолун торогон. Коңшу өлкө бир айдан ашык убакыттан кийин гана блокаданы алган.

Эң көп окулган жаңылыктар