Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жогорку билими тууралуу дипломду сатып албаганын билдирди. Бул тууралу 24.kg агенттигине айтты.
Депутат анын диплому учурда текшерүүдөн өтүп жаткандыгын билет.
«Менин дипломумду Аскар Акаевден тарта баардык президенттердин убагында текшеришкен. Жашыра турган эч нерсем жок. Үч жогорку билимим бар: юрист, дипломат жана аграр», — дейт Рыскелди Момбеков.