21:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Казакстан Улуттук банкы жүздөгөн миллион доллар интервенция жасады

Казакстан Улуттук банкы ички валюта рыногун турукташтыруу максатында 520,6 миллион доллар сатыкка чыгарды.

Валюталык интервенция 2017-жылдын октябрь айынан бери биринчи жолу жасалууда. Казакстан Улуттук банкы бул чара теңге кунун жоготуп, чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талап жогорулаган маалда кабыл алынганын билдирди.

12-сентябрда доллардын расмий курсу 2016-жылдын январынан бери биринчи жолу 380 теңгеден ашкан. Улуттук валюта наркынын кескин төмөндөшүн Улуттук банк АКШнын Орусияга каршы киргизген жаңы санкциялары менен байланыштырган.

АКШ августта мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызынын ууландырылышына байланыштуу Орусияга кошумча санкция киргизген. Буга байланыштуу орус рубли төмөндөп, анын артынан казак теңгеси да күчүн жоготкон.

Казакстан Улуттук банкы өз билдирүүсүндө жарандарга жана уюмдарга кайрылып, алмаштыруу курсу олку-солку болуп турган маалда өтө зарыл болбосо активдерди бир валютадан башка валютага которбоого үндөдү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума