Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун мүлкүн баалоо тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, ведомство жактоочу Нурбек Токтакуновдун маалыматын четке какты. Ал буга чейин мурунку премьер-министрдин жакындарынын мүлкү камакка алынышы мүмкүн деген маалыматты жазып чыккан.
«Учурда тергөө жүрүп жатат. Жактоочунун берген маалыматы чындыкка коошпойт», -деп билдиришти УКМКдан.
Эске салсак, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын алкагында жемкорлук айыбы тагылган.