21:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Шаардыктардын жер маселеси боюнча укугун коргогон активист акыйкатчыга кайрылды

Бишкектик тургундардын жер маселеси боюнча укугун коргогон активисттер акыйкатчыга кайрылышты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Айтымында, ал «Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева менен кезикти. Активист жер ээлеринин көйгөйлөрү тууралуу айтып берген.

«Акыйкатчы аппараты жеке менчик үчүн жарандардын укугун коргоого даяр. Коомдук фонд менен биргеликте байланышуу тууралуу мемарандумга кол коюу ниетиндебиз», -деди Токон Мамытов.

Эске салсак, Бишкектин тургундары турак-үйлөрдүн жанындагы жер аянттарын каттоого тыюу салуу тууралуу өкмөттүн токтомун жокко чыгаруу талабы менен митингге чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар