15:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жөлөк пул алуу үчүн 1 миң сом төлөп же зер буюмдарын берүүнү талап кылышкан

Кыргызстанда жөлөк пул алуу үчүн бир миң сом төлөп же зер буюмдарын берүүнү талап кылышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Карамат Орозова айтып чыкты.

Анын билдиргенине караганда, мындай көрүнүш Сузак районунда орун алган. Ал бул окуяны териштирүүнү Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен суранды.

Министр Таалайкүл Исакунованын айтымында, окуя 2016-жылы болгон. «Эгерде сиз конкреттүү фактыларды айтсаңыз, биз текшерүү жүргүзүп, документтерди укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз», -деди ал.

Депутат мындай жоопко макул болгон жок. «Министрдин мени калп айтты деп айтканга моралдык укугу жок. Видеодо баары көрүнүп турат, сиз аны мойнуңузга алгыңыз жок», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар