Бишкекте Арсен Умуралиев атындагы шаардык драма театрында V «Импульс» аталышындагы эл аралык театралдык фестиваль өтөт. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, иш-чара театрдын 25 жылдыгына жана театрдын негиздөөчүсү, актёр Арсен Умуралиевдин 85 жылдыгына карата уюштурулууда.
««Импульс» феcтивалынын негизги максаты — кыргыз театр искусствосун өнүктүрүү жана дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, чет элдик театрлар менен кызматташып, тажрыйба топтоо болуп саналат», — деп жазылат маалыматта.