17:49
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Ош мэри: Жылда «Боорукердик» үй интернатына 7 миң 500 миллион сом акча бөлүнөт

Бүгүн Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Боорукердик» үй интернатында жашаган карылардан жана жүз жаштан ашкан Касиет Жолдошевадан кабар алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр ата-энесин кароосуз калтырган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алдын алуу иш-аракеттери жүрүп жаткандыгын белгилеп, ал эми такыр мүмкүнчүлүгү жок кары-картаңдар учурда жатак интернатында экендигин билдирди.

«Жылына жергиликтүү бюджеттен «Боорукердик» үй интернатына 7 миң 500 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилет. Жалпысынан 23 кара-картаңдар жашап, 28 өспүрүм тарбияланып келет. Бөлүнгөн акча каражаты алардын тамак ашына, ден сооугуна кам көрүү багытына жумшалат. Мындан тышкары, айрым коомдук уюмдар, кайрымдуу жарандар, жаштар кабар алып турушат. Бүгүн да Карылар күнүнө карата бул жактагы ата-апалардан кабар алып, баарлашып, белектерди, таттууларды тапшырып жатабыз», — деди мэр.

Жалпысынан 1-октябрь -карылар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Белгилей кетсек, жашы улгайган, жардамга муктаж 145ге жакын ата-апаларга жардам берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар