01:16
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Майыптарга делген батирлердеги көз боемочулук. Ош мэриясынын мыйзамсыз иши

Ош шаардык мэриясы батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэрия тарабынан 2017-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген 66 жаранга «Анар» кичи районунан батир бөлүнүп берилгени аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 8 тургундун «кыймылсыз мүлкү жок» деген жалган документ толтурганы, 31 киши батир алганга чейин Жалал-Абад, Ош облустарынын бир канча райондорунда жана Бишкек шаарында жашагандыктары такталды.

Мындан тышкары 9 киши 3-топтогу майып деген кагаз менен батирди мыйзамсыз алганы ачыкталды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума