23:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Душанбеде КМШнын мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүп жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Расмий жолугушуп, чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин Шериктештик өлкөлөрүнүн лидерлери КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин саммитинин тар курамдагы жыйынына катышууга бет алышты.
Жыйында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында өз ара аракеттенишүү тууралуу пикир алмашуу болду.

КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммитинин ишине Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев, Молдова Республикасынын президенти Игорь Додон, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле Армениянын премьер-министри Никола Пашинян жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Пурли Агамурадов катышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар