04:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Суроо-жооп. Ашура күнү орозо кармоо сүнөт

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Ашура күнү кандай орозо кармоо сүнөтпү?

Жооп: Ашура (араб тилинде — онунчу) мухаррам айынын онунчу күнү. Бул күн менен көптөгөн байыркы пайгамбарлардын окуялары байланыштуу болгондуктан (мисалы, Муса алейхи салам элин фараондун азабындан куткарып кеткен күн) жөөттөр орозо кармашкан. Пайгамбар Мухаммед ага Аллахтын саламы жана салаваттары болсун Мединага көчүп баргандан кийин, бул күнү жөөттөрдүн орозо кармаганын көрүп, мусулмандар дагы бул күнү орозо кармаганга татыктуу деп айткан. Ошондой эле жөөттөрдөн айрымаланыш үчүн мухаррам айынын 09-10 же 10-11- күндөрү эки күн катары менен орозо тутулат. Бул күнү орозо кармоо сүннөт. Ашура күнү кармалган орозонун пайдасы менен өткөн жылдагы күнөөлөр кечирилиши ыктымалы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар