11:27
USD 77.05
EUR 91.17
RUB 1.05

Суроо-жооп. Жума намазында жамааттын көп улуттуулугу эске алынат

24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Жума намаз боюнча суроо берейин дегенмин. Эмнеге экинчи азандан кийин имам хутбаны араб тилинде окуйт.

Жооп: Хутбаны өз тилинде окуса да болот. Мисалы, айрым мечиттерде экинчи азандан кийин хутба жергиликтүү тилде айтылат. Бирок, чоң мечиттерде ар кандай улуттун өкүлдөрү топтолгондуктан араб тилинде окулат.