Абдывахап Нурбаев депутаттын пикирине кошулган жок. Ал бир канча авиакомпаниянын кызыкчылыгын Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгынан жогору койбош керек деди.
««Ачык асман» саясатын колдонуу дүйнөдө жүргүнчүлөрдү ташууну 35 пайызга жогорулатты, ошондой эле билеттердин бааларын 20дан 40 пайызга чейин төмөндөттү. Мындан тышкары жаңы жумушчу иш орундары түзүлдү», -деди депутат.