09:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

«Манас» аба майданы. Кошумча учуучу тилке куруу үчүн 600 миллион сом керектелет

«Манас» аба майданында кошумча учуучу конуучу тилкени куруу үчүн 500-600 миллион сом керектелет. Бул тууралуу коомдук угууларда Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев билдирди.

Айтымында, акча каражатын табуу керек. «Америкалык база жайгашып турган маалда бул маселе оң жагына чечиле баштаган. Америкалык база өз учактары үчүн тилке курууга даяр болушчу. Курулуп калганда азыр бизде калып калмак», — деди Курманбек Акышев.

«Транзиттик залда жүргүнчүлөр 4 саатка чейин күтүп калышууда. Авиакомпаниялар аларды тамак-аш жана мейманкана менен камсыздаганга туура келүүдө. Орусиянын аймактык аба майдандарында белгилүү бир багыттар боюнча «Ачык асман» долбоору иштейт. Биз дагы убакыттын өтүшү менен ошондой кылышыбыз керек. Мисалы, «Тамчы» аба майданын белгилүү бир өлкөлөр үчүн гана ачып дегендей. Биринчи аба майдандарды ойлонолу, андан кийин «Ачык асман» тууралуу жарыя кылалы», -деди Курманбек Акышев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби