08:28
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Айтматовдун китептери 128 өлкөдө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан

Сооронбай Жээнбеков Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фото көргөзмөнү ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фото көргөзмөнү Кыргызстан, Россия жана Түркия бирге уюштурушкан.

«Биз, кыргызстандыктар, бул иш чаранын Бириккен Улуттар Уюмунун китепканасында өтүп жатканына чын жүрөктөн кубанычтабыз. Чыңгыз Айтматов доорубуздун классик жазуучусу, ойчулу жана даанышманы катары дүйнɵлүк деңгээлдеги инсан. Ал дүйнөнүн бардык элдеринин тилдеринде жашап жатат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Чыңгыз Айтматов бүгүн чыгармалары эң көп тилдерге которулуп, китеп болуп чыккан Шекспир менен Толстойдон кийинки дүйнөлүк классик деп таанылганын эске салды. Анын китептери дүйнөнүн 176 тилине которулуп, Жер шарынын 128 өлкөсүндө 100 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан. Бул цифралар күн санап өсүүдө.



Эң көп окулган жаңылыктар