17:06
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

№ 73809 аскер бөлүгүндө жоокердин сабалышы тууралуу кылмыш иши сотко өттү

Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы Кургактагы аскерлердин № 73809 аскер бөлүгүндө жоокердин сабалышы тууралуу кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине көзөмөлдөө органынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган факт боюнча 3 аскер адамына күнөө тагылууда.

«Кылмыш ишин иликтөө аяктады, эми сотко өткөрүлүп берилди. Аскер адамдарына карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча күнөө тагылды», -деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Аскер прокуратурасына жана укук коргоочуларга 6 жоокер арыз менен кайрылышып, алардын командирлери жакын жайгашкан айылдардан балдарды кыйнап жумуш кылдырышканын айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар