03:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кой-Таштагы жоокерлердин сабалышы. Командирлер күнөөнү мойнуна алган жок

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук сотунда Кой-Таштагы № 73809 аскер бөлүгүндө жоокерлердин сабалышы  тууралуу иш боюнча процесс уланууда.

Суракта күнөөлүүлөр-бөлүктүн командири жана «Ала-Тоо» полигонунун командири күнөөнү мойнуна алышкан жок. Айтымдарында, алар жоокерлерге зордоп арык тазалатып, кык ташытып, унааларды жуудурткан эмес. Алар катардагы жоокерлер өз ыктыярлары менен келип жардам беришкенин айтышууда. Акылары үчүн жоокерлер 2 миң сомдон алышкан.

Эске салсак, сот командирлерден 600 миң сомдон жабырлануучулардын пайдасына өндүрүп берүү тууралуу жарандык доону кароону кабыл алды. Жоокерлер укук коргоочуларга шылдыңга тушугуп жатышканын айтып, аларды кыйнап жумуш жасаткан командирлер тууралуу маалымат беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар