12:23
USD 87.45
EUR 91.77
RUB 0.88

Сооронбай Жээнбеков Нью-Йорк шаарына барды

Пезидент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн, Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мурда маалымдалгандай, мамлекет башчысы БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антонио Гуттериш менен жана башка мамлекеттердин башчылары менен жолугушат.

Президент визиттин алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Д. Хаммаршельд атындагы китепканасында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнү ачат.

Эң көп окулган жаңылыктар