USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Чүйдө мектептин директору окуучуну сабагандыгы үчүн иштен алынды

09:11, 21 сентября 2018, Бишкек - 24.kg

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлеринин демилгеси менен Кой-Таш айылындагы Сакан Бегматов атындагы орто мектептин директору, жашы жете элек өспүрүмдү сабагандыгы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айылдын жашоочусу ушул жылдын майында директор 6-класстын окуучусун мугалимдер менен окуучулардын көзүнө сабагандыгын айткан. Ата-энеси арыз менен Билим берүү министрлигине кайрылышкан. Аталган факт аныкталып, директор сөгүш алган.

Бирок, сабалган баланын энеси арыз жазып акыйкатчыга кайрылды. Натыйжада мектеп директору ээлеген кызматынан алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика