Ирина Карамушкинанын айтымында, Зардалы айлынын тургундарынын жашоо-шарты абдан оор. Жергиликтүү тургундар өз көйгөйлөрү туурасында кеп салышкан.
«Бүгүн мен сизге кайрылып жатам Мухаммедкалый Дүйшекеевич. Мен аял башым менен ал жакка барган соң, сиз дагы бара аласыз. Эгерде сизди сыйласын десеңиз октябрдын аягына чейин барып, элдин муңун угуп келиңиз», —деди Ирина Карамушкина.