13:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкектин Жал кичи районундагы скверди 10 күндүн ичинде жасалгалап бүтүшөт

Бишкектин Жал кичи районундагы скверди 10 күндүн ичинде жасалгалап бүтүшөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Тазалык» ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургундардын каршылыгына карабай, скверде иш уланууда. Аталган жайга жарыктар, отургучтар орнотулуп, ири көлөмдүү көчөттөр отургузулууда.

«Тургундардын бир бөлүгү каршы чыгып жатат, көпчүлүгү колдогондор да бар. Ал жерге терек отургузган тургун биздин жасап жаткан ишибизге кубанууда», — деди"Тазалык" ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева.

Эң көп окулган жаңылыктар