20:21
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерин унаа өлтүрө сүзүп кетти

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерин унаа өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ кечинде катталган. 36 жаштагы Үсөн Жусубалиев жарыкты чагылдыруучу атайын кийим кийип жүргөнү жана окуя болгон жер толугу менен жарыктандырылганы аныкталды.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, унаа жогорку ылдамдыкта келип сүзгөн. Каза болгон жаран 20 метр аралыкка учуп кеткен. Айдоочу кармалып, тергөө амалдары башталды», -деп билдиришти мэриядан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби