USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Ал блогерби же ким? Депутат «Тазалык» жетекчисинини ишине нааразы

13:20, 13 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Депутап Мекинбек Абдалиев «Тазалык» ишканасынын жетечисинин ишине нааразычылык билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында жетекчи соцтармактарына чыгып, мыкты иштеп аткандыгын тынбай айтып турат.

«Эртең менен канчалаган жарандарыбыз жумушка кечигип барды, себеби жолдор кардан тазаланган эмес. Манас проспектисине эптеп бир туз сээп коюшуптур, калган көчөлөр тазаланбай калган. Жетекчиси блогерби же ким? Иштей албаса, кетсин кызматынан», — деди депутат.

Анын кесиптеши Жанар Акаев сууктан улам балдарды онлайн-окууга өткөргөнү тууралуу маалымат кеч берилгенине нааразы болду.

«Балдар эртең менен мектепке эпетеп жетсе, бүгүн үйдөн окуйсуңар деп, тараттып жибериптир. Ушуну бир күн мурун айтып коюшса болмок», — деди ал.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика