21:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аба ырайынын кескин начарлашы. «Тазалык» ишканасы күнү-түнү иштөө режимине өттү

Аба ырайынын кескин түрдө төмөндөшүнө байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн жана күнү-түнү иштөө режимине өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 11:00дөн тарта ишкананын кызматкерлери жолдорго туз себүүнү башташты.

«Жолдорду тазалоо жана туз себүү үчүн 44 атайын техника даяр. Ишкананын базасында 584 тонна техникалык туз бар. Ошондой эле зарыл болгон учурда аялдама комплекстеринин жанында техникалык туз салынган атайын челектер каралган», — деп белгиледи мекеме.

Шаардагы кардан тазалоо иштери боюнча суроолор же сын-пикирлер болсо 1850 жана 1840 телефон номурларына чалып, 0554182185 (WhatsApp) номуруна сүрөттөрдү жөнөтсө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар