15:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент Наина Ельцинаны Айтматовдун 90 жылдыгына арналган форумга чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Россия Славян университетинин 25 жылдык юбилейине карата келген Орусиянын экс-биринчи айымы, Б. Н. Ельцин атындагы президенттик борбордун камкорчулар кеңешинин мүчөсү Наина Ельцина менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Славян университети кыргыз-россия мамилесинин эң ийгиликтүү долбоорунун бири. Ушул жылдардын аралыгында КРСУ өзүнө жүктөлгөн жооптуу милдетти татыктуу аткарып, билим берүү жана илимий бирдиктүү мейкиндикти сактап, жаңы билим жана технологияларды алдыга жылдырууда. Сиздин колуңуздан бүгүн стипендия алчу студенттерге бул билим алууга кошумча дем берет», — деп баса белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков Наина Ельцинаны Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган интеллектуалдардын Эл аралык Ысык-Көл форумуна катышууга чакырды. Мындан тышкары ал жазуучунун чыгармалырынын жыйнагын тартуу кылды.

Эң көп окулган жаңылыктар